close

Издөө

Насыялык продукттун артыкчылыктары

Насыялоонун шарттары

Жеке жактар үчүн «SmartAuto» (СмартАвто) керектөө насыясы
Насыянын максаты                                              Колдонуудагы кредитти кайра каржылоого, автоунааны күрөөгө коюга карата керектөө максаттарына автоунаа сатып алуу.   
Насыянын валютасы Сом  
Насыянын суммасы 50 000 сомдон 500 000 сомго чейин   
Насыянын мөөнөтү

 3 айдан 36 айга чейин

  
Пайыздык чени (сом)* жылдык 21%*
Жаап тындырууу Ай сайын, бирдей суммалар менен (аннуитет)  
Камсыздандыруу      Сатылып алына турган автомашина жана/же учурда карыз алуучуда болгон автомашина

 

  
Автомашинанын рыноктук наркы Камсыздандыруу Берүүгө карата насыянын өлчөмү (рыноктук наркынан %%)
50 000 сомдон 300 000 сомго чейин Автомашина 40%
Автомашина + 1 кепил 70%
 300 001 сомдон 500 000 сомго чейин    Автомашина  40%
 Автомашина + 1 кепил  60%
 Автомашина + 2 кепил  70%
Камсыздоо (карыз алуучунун өмүрүн же күрөөнү)  Банктын талабы боюнча
  

Насыя боюнча

комиссиялар:
 
Насыя берүү үчүн комиссия 0%   
Мөөнөтүнөн мурда толук жабуу үчүн комиссия
  • 0 сом – кредит толук жабылган күнгө чейин отуз күн мурда ал жөнүндө банкка билдирилген шартта, ошондой эле кредит (насыя) жабылгандан кийин 30 күндүн ичинде жаңы кредит (насыя) алуу максатында кредитти (насыяны) толугу менен жабуу учурунда*
  • 500 сом — банкка ал жөнүндө билдирбестен, же кредит жабылганга чейин 30 күн мурда билдирүү менен
  
Насыянын жарым-жартылай бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабуу үчүн комиссия
  • 0 сом – кредит толук жабылган күнгө чейин отуз күн мурда ал жөнүндө банкка билдирилген шартта
  • 200 сом – банкка ал жөнүндө билдирбестен, же кредиттин жарым-жартылай бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабылган суммасына карабастан,  кредит жабылганга чейин 30 күн мурда билдирүү менен

  
Башка комиссиялар
1. Насыянын шарттарын өзгөртүү үчүн комиссия: жабуу графигин кайра кароо, жабуу датасын өзгөртүү, кредиттин жабуу мөөнөтүн узартуу, кепилди алмаштыруу – 200 сом
2. Маалым каттарды (ссудалык карыздын калдыктары, башкалар боюнча) берүү жана каттарды даярдоо (талап кылынган жери боюнча) үчүн комиссия – 0 сом
3. Кредитти (насыяны)  накталай алуу үчүн комиссия:
  • 0,5% — банктын кассасы аркылуу
  • 0,6% — банкоматтар аркылуу (Элкартка которулган учурда)
  
Мөөнөтү кечиктирилген карыз үчүн айып пул

Насыя  боюнча номиналдуу пайыздык чендин өлчөмүндө

  
Карыз алуучуга  карата талаптар

1. Жашы: кредит алуу мезгилинде 21 ден 65 жашка чейин;
2. Акыркы иштеген жериндеги иш стажы**: туруктуу киреше алып келүүчү бизнесинин болушу, 3 айдан кем эмес
 

  
Кирешенин деңгээлине карата талаптар

Насыя боюнча ай сайын мүчөлүк суммасы:

  • Карыз алуучу тастыктаган кирешеден 50% көп эмес.

*21% жылдык олчом, акция учурунда, 31 августка чейин иштейт

* Кредитти мөөнөтүнөн мурда толук жапкан учурда, эгерде, кардар кредит жабылгандан кийин 30 күндүн ичинде жаңы кредит алууга ниеттенсе, комиссия кармалбайт (комиссия резервделет, жаңы кредит алуу учурунда – кардарга кайтарылат).

** Кардар акыркы иштеген жеринде 12 айдан кем эмес стажы болсо, же кирешени тастыктоо зарылдыгы жаралса, Банк кардардын мурдагы иштеген жери жана   кардардын эмгек акысы жөнүндө кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу.

***Автоунаанын рыноктук наркына жараша эсептелген кредит берүүгө карата анын максималдуу суммасы 500 000 сомдон кем эмес, ал эми сиздин финансылык мүмкүнчүлүктөрүңүз сунуш кылынган суммадан жогору кредит алууга мүмкүн болсо, анда кошумча күрөө катары башка автоунааны койсоңуз, сиз кредиттин суммасын ушул программа боюнча максималдуу жогорулата аласыз.

  1. Күрөөлүк камсыздандыруу катары Банктын кабыл алуусу үчүн   автотранспорттук маркалардын тизмеси:

№ п/п

Автотранспорттук каражат маркалары

Иштетүү мөөнөтү

Рулдун жайгашышы

1

Тойота

15 жыл

Сол/Оң

2

Мерседес Бенц

15 жыл

Сол

3

БМВ

15 жыл

Сол

4

Лексус

15 жыл

Сол/Оң

5

Хонда

15 жыл

Сол/Оң

6

Ауди

12 жыл

Сол

7

Ниссан

12 жыл

Сол

8

Хюндай

12 жыл

Сол

9

Фольксваген

12 жыл

Сол

10

Мазда

12 жыл

Сол/Оң

11

Субару

12 жыл

Сол/Оң

 

Микроавтобустар (жүргүнчүлөр үчүн)

   

1

Мерседес Бенц

15 жыл

Сол

2

Форд

12 жыл

Сол

3

Фольксваген

12 жыл

Сол

втотранспорттук каражаттардын башка маркалары күрөөлүк камсыздандыруу катары каралбайт.

2. Автотранспорттук каражаттар күрөө катары каралган учурда ага карата негизги жоболор жана талаптар:

  • Банк автотранспорттук каражатты толук оң абалында кабыл алат;
  • Автотранспорттук каражаттардын айрым моделдерин күрөө катары кароо учурунда учурдагы артыкчылыктар рыногун эске алуу менен Банк баш тарта алат;
  • Банк орчундуу бузуктары (орчундуу бузук кузову, бампери, ошондой кыймылдаткычындагы (двигатель) бузуктары) менен автотранспорттук каражатты күрөөгө кабыл албайт;
  • Банк автотранспорттук каражатты күрөөгө ишеним кат боюнча кабыл албайт, авто ээсинин өзүнүн катышуусу керек;
  • Банк 220 миң км. жүрүүсү (пробег) менен автотранспорттук каражатты кабыл албайт;
  • Автотранспорттук каражаттын  параметрлери жана мүнөздөмөлөрү Банктын талаптарына ылайык келсе, бирок автонун тышында эскиргендин орчундуу тактары болсо, Банк автону күрөө катары кароодон баш тарууга укуктуу;
  • Автотранспорттук каражат күрөө предмети болуу менен катар ал Күрөө берүүчүнүн ээлигинде жана колдонуусунда калат, Банк автотранспорттук каражатты Карыз алуучунун/Күрөө берүүчүнүн эсебинен камсыздандырууну талап кыла алат;
  • Автотранспорттук каражаттын  абалынын мониторинги  6 ай сайын жүргүзүлүп турат.      

3. Ликвиддүүлүк коэффициенти:

Банк ушул программанын чегинде төмөнкүдөй төмөндөтүлгөн коэффициенттерди бекитет:

Кредит берүү учурунда автоунаанын рыноктук наркынан 40% ашык эмес өлчөмүндө:

  • Автоунаанын күрөөлүк наркын аныктоо үчүн коэффициенти «<<= 0,5» рыноктук наркынан;
  • Берүүгө карата максималдуу сумманы аныктоо үчүн коэффициенти «<<= 0,8» күрөөлүк наркынан; Кредитти 50 000 сомдон 300 000 сомго чейинки суммада жана автоунаанын рыноктук наркынан 41% ашык берүү учурунда:
  • Автоунаанын күрөөлүк наркын аныктоо үчүн коэффициенти «<<= 0,9» рыноктук наркынан;
  • Берүүгө карата максималдуу сумманы аныктоо үчүн коэффициенти «<<= 0,8» күрөөлүк наркынан; 

Кредитти 300 001 сомдон 500 000 сомго чейинки суммада жана автоунаанын рыноктук наркынан 41% ашык берүү учурунда:

  • Автоунаанын күрөөлүк наркын аныктоо үчүн коэффициенти «<<=0,7» рыноктук наркынан;
  • Берүүгө карата максималдуу сумманы аныктоо үчүн коэффициенти «<<= 0,8» күрөөлүк наркынан.

Карыз алуучу үчүн:

  1. Карыз алуучунун паспорту (ID карта);
  2. Карыз алуучунун жубайынын паспорту, никени каттоо/ажырашуу жөнүндө күбөлүгү, жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүгү;
  3. Акыркы 3-12 ай үчүн эмгек акысы жөнүндө аныктама (справка)/бизнесинин бар экендигин тастыктоочу документтери;
  4. Жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы жөнүндө (катталган дареги менен анык жашаган жеринин дареги туура келсе, талап кылынбайт) аныктама (справка).
  5. Кредит алууга карата жана жубайынын макулдугу жөнүндө, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арызы, кредит берүү учурунда күрөө келишими менен бир убакта банктан толтуралат.

Күрөө берүүчү үчүн:

  1. Күрөө берүүчүнүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи;
  2.  Күрөө берүүчүнүн никесин каттоо/ажырашуу жөнүндө Күбөлүгү;
  3. Жубайынын паспорту (андайы болсо); 
  4. Үй-бүлөлүк абалы/күрөөнү берүүгө карата жубайынын макулдугу жөнүндө арызы, кредит алуу учурунда банктан толтурулат;

Күрөөгө автоунааны берүү учурунда:

  • Автонун техникалык паспорту;
  • Камакта жоктугу жөнүндө МАИден аныктама (справка).

Кепилдик берүүчү үчүн:

1. Кепилдин паспорту (ID карта);

2. Кепилдин жубайынын паспорту, нике каттоосу жөнүндө күбөлүгү;  

3. Кепилдин акыркы 3-12 ай үчүн иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө аныктамасы/патенти/кепилдин киреше булактарын тастыктоочу башка документтери; 

4. Жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы жөнүндө (катталган дареги менен анык жашаган жеринин дареги туура келсе, талап кылынбайт) аныктама (справка).

Үй-бүлөлүк абалы, кепилдик берүүгө карата жубайынын макулдугу жөнүндө арызы (кепил никеде турбаса), кредит алуу учурунда банктан толтурулат.

  • Суралып жаткан суммага жараша, Сиздин насыя боюнча ай сайын төлөнө турган мүчөлүк сумманын (аннуитет) болжолдуу эсептөөсүн сайтта көрсөтүлгөн кредиттик калькулятордон эсептеңиз. Банктын негизги талабы: Сиздин ай сайын төлөнө турган мүчөлүк сумма (биздин банктагы, ошондой эле башка финансылык-кредиттик мекемелердеги Сиздин калган колдонуудагы кредиттер боюнча бардык ар сайын төлөнө турган суммаларды эсепке алуу менен) ар айлык тастыкталган кирешенин 50% ашпашы керек. Эгерде, Сиз эсептесеңиз жана Сиздин мүчөлүк сумма ошол ченемден ашык болсо, суралып жаткан сумманы Сиз төмөндөтүү жагына кайра карап чыгышыңыз керек;
  • Карыз алуучуга карата Банктын талаптары менен таанышып чыгыңыз жана керектүү документтерди даярдаңыз;
  • Автоунаа сатып алуу учурунда кардар алгач өзүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктоо жана кредиттин мүмкүн боло турган суммасы жөнүндө алдын ала чечим алуу үчүн документтерин Кредит башкармалыгына берет. Алдын ал жактырууну алгандан кийин күрөө боюнча талаптардын жактырылган өлчөмүнө жараша автоунаа тандайт.
  • Сиз кредит алууга карата өтүнмөнү түз эле ушул жерден, сайттан «Өтүнмөнү толтуруп даярдоо» дегенди басып, бардык керектүү маалыматтарды толтуруп, талап кылынган, сканерден өткөрүлгөн  документтерди электрондук дарегине жөнөтүү керек. Биздин кредиттик адистер телефон боюнча Сиз менен байланышат;
  • Сиз электрондук почта аркылуу өтүнмөңүздү бере аласыз. Ал үчүн Сиз  Ж.ж... насыя алууга карата Арызы.docx  жана  Кепилдин анкетасы.docx документтерин басып чыгарып, сактоо керек, бардык талап кылынган маалыматтарды толтуруп, талап кылынган, сканерден өткөрүлгөн документтер менен бирге ал документти Word  форматында электрондук дарегине жөнөтүү керек.  Биздин кредиттик адистер Сиз менен телефон боюнча байланышат. Толтурууга карата мисалдар: Кредит алууга Арыз – толтурууга мисал.pdf, Кепилдин анкетасы - толтурууга мисал.pdf
  • Сиз Банктын кеңсесине да өтүнмө бере аласыз, бул учурда талап кылынган  документтердин көчүрмөлөрүн жана түп нускаларын ала келишиңиз керек.   Кредиттик кеңселердин жайгашкан даректери жөнүндөгү маалымат «Байланыштар» бөлүгүндө көрсөтүлдү;

ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТОЛУК ПАКЕТИ АЛЫНГАНДАН КИЙИН ГАНА КРЕДИТТИК ӨТҮНМӨ КАРАЛЫП БАШТАЛАТ.

  • Кредитти берүү жөнүндө чечими 2 – 3 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат. Суроолор жаралса, талкуулоо үчүн Сизди чакырышы мүмкүн же кошумча маалыматты же Сиздин финансылык абалыңызды тастыктоочу документтер талап кылынышы мүмкүн.  Кабыл алынган чечим жөнүндө Сиз банктын кызматкеринен байланыш телефону боюнча маалымдама аласыз. 
  • Өтүнмө жактырылгандан кийин кредиттик адис тарабынан көрсөтүлгөн кеңсеге кредит алууга карата топтолгон документтер менен келесиз. Өтүнмөнү дистанциялык түрдө берген учурда, кредиттик продукт боюнча талап кылынган бардык документтердин түп нускаларын алып келүү талап кылынат.

Сиз консультация жана документтерди  ала турган кредиттик кеңселердин даректери:  

Башкы кеңсе:
Бишкек ш., Ахунбаев көч., 48/1. Иштөө убакыты: Дүйшөмбү — Жума: (09.00 — 18.00). Тыныгуу: (13.00 — 14.00).
Кредиттик башкармалык: +996 (312) 25 09 22

Күрөөлүк камсыздандыруу бөлүмү: +996 (312) 56 13 51 (+157)

Сактык касса № 052-0-01 (Моссовет):
Бишкек ш., Абдрахманов көч. 119, Иштөө убакыты: Дүйшөмбү — Жума: (09.00 — 18.00). Тыныгуу: (13.00 — 14.00).

Кредиттик адис: +996 (312) 30 35 85

Сактык касса № 052-0-03 (Ош ш.):

Ош ш., Ленина көч., 316, Иштөө убакыты: Дүйшөмбү — Жума: (09.00 — 17.30). Тыныгуу: (13.00 — 14.00). Ишемби (09.00-13.00)

Кредиттик адис: +996 (551) 72 47 00.

Ошондой эле Сиз төмөнкү телефон номерлери боюнча консультация ала аласыз:
Мегаком: 0550 561339 (WhatsApp)
Билайн: 0770 561339
О: 0700 561339

Сиз Банк тарабынан бекитилген маркалардын тизмесинде көрсөтүлгөн жана бекитилген анын чыккан жылы менен машинаны гана сатып ала аласыз. Машинанын башка маркаларын же анын чыккан жылы боюнча четтөөлөр болсо, Банк аны күрөөгө кабыл албайт.

Жооп: Ооба, Сиздики туура. «СмартАвто»  автокредит боюнча милдеттүү түрдөгү 3 талап бар:

1) айлык төлөм айлык тастыталган кирешенин 50% ашпашы керек;

2) кепилдер жок учурда, бериле турган сумма, рыноктук наркын баалоого жараша, автоунаанын наркынын 40% ашпашы керек;

3) «СмартАвто»  автокредит боюнча берүүгө карата максималдуу сумма 500,000 сомду түзөт. Эгерде сиз программа тарабынан максималдуу бекитилген сумманын чегинде автокредиттин суммасын көбөйтүүнү кааласаңыз, анда кошумча күрөө катары өзүңүздүн башка автоунааңызды, ал талаптарга туура келсе, кое аласыз.

Жооп: Ооба, Сиздики туура. Эгерде сиз программа тарабынан максималдуу бекитилген сумманын (500 миң сом) чегинде автокредиттин суммасын көбөйтүүнү кааласаңыз, жана сиздин тастыктаган киреше кредиттин суралган суммасын алууга жетсе, анда кошумча күрөө катары өзүңүздүн башка автоунааңызды, ал талаптарга туура келсе, кое аласыз.  Эгерде сиз өзүңүздүн эски автоунааңызды сатып алуучуну тапсаңыз, сиз сатып алуучу менен бирге банкка келесиз, биз сиздерге сатуунун жана сиздин эски автоунааны күрөөдөн чыгаруунун жол-жоболорун айтып беребиз жана кайрадан тариздөө жүргүзөбүз. Бул учурда автокредит боюнча сиз мурда сатып алган автоунаанын учурдагы баалоосу күрөө боюнча талаптарга, башкача айтканда,  автоунаанын учурдагы наркынын 40% туура келиши  керек болгондуктан эски автоунааңызды сатуудан түшкөн каражаттардын жарым-жартылай бөлүгүн сиз өзүңүз алган кредиттин жарым-жартылайын төлөп жабууга милдеттүүсүз. Жарым-жартылай төлөп жабуу суммасы, эски автоунааны кийин сатуу мөөнөтүнө жана мурда сатылып алынган автоунаанын учурдагы баалоосуна жараша Банк тарабынан аныкталат. 

Банк машинаны камсыздандыруу талабы боюнча гана түзүлдү. Карыз алуучунун өзү боюнча жана коюла турган машина боюнча бардык талаптар, бериле турган күрөөгө туура келсе, көпчүлүк учурда камсыздандыруу Банк тарабынан талап кылынбайт.   Эгерде карызды алуу учурунда айдоочулук тажрыйбасы жок болсо же тажрыйбасы өтө эле аз (минималдуу) болсо, Банкта камсыздандыруу боюнча талап жаралышы мүмкүн. Бул талап карыз алуучунун жеке мүнөздөмөсүнө жараша коюлат.

  1. Сиз ар бир кредит боюнча бекитилген тарифтерге ылайык өзүңүздүн кредиттик каражаттарыңызды Банктын КАССАСЫнан накталай ала аласыз:
  • СмартЭкспресс, СмартЭкспресс МСБ, МИК ипотекасы – 0%
  • СмартАвто – 0,5%
  • Башка продукттар Банктын тарифтерине ылайык.

2. Сиз өзүңүздүн кредиттик каражаттарыңызды биздин Банкта ачылган эсептешүү эсебине ала аласыз. Бардык кийинки накталай эмес төлөмдөр Банктын тарифтерине ылайык жүргүзүлөт.

Насыялык отчет  сурап өтүнүү мезгилиндеги насыялык тарыхы жөнүндөгү маалыматты чагылдырат. Насыялык тарыхы, юридикалык жактын бүткөрүлгөн жана учурдагы  милдеттенмелери жөнүндөгү маалыматты камтыйт, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттары алар тарабынан аткарылышын чагылдырат.  Насыялык тарых кара тизме болуп саналбайт. Алар мөөнөтүндө же кечиктирүү менен төлөнөбу же жокпу, андан көз карандысыз, насыялар ага түшүп турат.

Насыялык тарыхтагы маалыматты толуктоо булагы: насыялык уюм (Банк, МФО) – насыялык маалымат алмашууга катышуучулар. Маалыматтар насыялык тарыхтын субъектисинин (мындан ары КТС) жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана Насыялы бюронун маалыматтар базасына берилет. 

Насыялык тарыхтын башталышы болуп, кардар биринчи насыя (карыз) алган учур эсептелет. Андан ары тарыхта, «Ишеним» Кредиттик Бюросу аркылуу өтө турган, ошол карыз алуучунун (зайымчынын) бардык кредиттери боюнча маалыматтар топтолот жана жалпыланат. Бардык маалыматтар кредиторлордун каталогдоруна келип түшөт. Дээрлик бардык финансылык мекемелер кредиттер боюнча маалыматты берүү мүмкүндүгү жөнүндө пунктту келишимге киргизишет. Ошондуктан банк менен бүтүм түзүү учурунда карыз боюнча маалыматты жеке жак  «Ишеним» ЖАКнын КБга  жөнөтүүгө макулдугун берет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгы тарабынан лицензиялана турган коммерциялык банктарда жана башка ФКУда кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобого (24 жана 26 пункт) ылайык, (КР Улуттук банк башкармалыгынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2017-ж. 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакциясында), кардар төмөнкү УКУКТАРГА ЭЭ:

  1. банктын кардарларынын арыздануулары жана сунуштары Китебине (мындан ары – Китеп) өздөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштарын  жазууга, ал номерленген, байланган, ошондой эле Банк башкармалыгынын төрагасы же Башкармалыктын Төрагасынын орун басарларынын бири  тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек жана банктын мөөрү менен бекемделиши керек;  
  2. кредиттик келишимге кол койгон мезгилден тартып акча каражаттарды алганга чейин же лизингдин чегинде мүлк үчүн акысын төлөө боюнча төлөмдү жүргүзүүгө чейин кредитти алуудан (кардардын өтүнмөсүн кароого карата бекитилген тариф боюнча банк тарабынан комиссияны кармоосунан, башка учурларда) акысыз негизде баш тартууга;
  3. келишимге кол коюга чейин ага карата тиркеле турган бардык тиркемелери менен келишимдин долбоорун колуна алууга жана банктан тышкары юридикалык консультация алуу үчүн кайрылууга, бул учурда келишим менен таанышуу үчүн кардарга бериле турган убакыт бир күндөн кем эмес, бирок үч күндөн ашык эмес болушу керек;
  4. кредиттин мөөнөтүн узартуу же реструктуризациялоо тууралуу өүнүчү менен кийин банкка кайрылууга;
  5. эгерде кредиттин негизги суммасынын 50% төлөнүп жабылса, болгон күрөөнү эки тарап үчүн тең ылайыктуу келген башка күрөө берүүгө, банктын ички документтерине ылайык анын наркы кредит боюнча карыздын калган суммасын жабат.  

1. Кредит алуу жөнүндө чечим – жоопкерчиликтүү чечим.

Кредит алуу жөнүндө чечимди кабыл алуудан мурда, аны алууга карата өзүңүздүн муктаждыктарыңызды, ошондой эле өз убагында төлөп тындырууга (жабуу) карата өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалаңыз, башкача айтканда, Сиздин бюджетке жараша акча каражаттардын кандай суммасын кредит боюнча бардык тийиштүү төлөмдөрдү төлөөгө Сиз реалдуу түрдө жумшай аласызбы, ошол мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалаңыз.

Насыя алуу бул – кредиттик келишимде карыздын негизги суммасын (банктан кабыл алынган сумманы), ошондой эле кредитти колдонуу боюнча пайыздарды төлөө мөөнөтү бекитилген мөөнөттөрдө кайтаруу боюнча милдетин болжолдойт.

Кредиттик келишимдин шарттары тарабынан банктын пайдасына (кредитти алууга карата документтерди кароо, банктык эсептерди ачуу жана жүргүзүү, акча каражаттарды которуулар жана башкалар үчүн комиссиялар), ошондой эле үчүнчү жактардын пайдасына (камсыздандыруу, күрөө келишимдери, байланыш бөлүмдөрү же башка банктар аркылуу каражаттарды которуу келишимдери жана башкалар) сыяктуу  кредит алууга жана төлөөгө байланышкан башка төлөмдөрдү жүргүзүү зарылдыгы да каралат.

Эгерде кредит келишиминде каралган кайсы бир төлөмдөр жүргүзүлбөсө же кечиктирилип жана/же толук эмес көлөмдө жүргүзүлсө,  айып төлөм (неустойка) (айып, туум) төлөө жөнүндө банк тарабынан талап коюлушу мүмкүн. Ушундай талап кое турган банктын укугу жөнүндө, эреже боюнча, кредиттик келишимде айтылган.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан финансылык кызматтарды көрсөтүүчү жана ошол кызматтарды керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароочу банктардын, микрофинансылык уюмдардын иш-аракеттерине карата минималдуу талаптар түзүлдү, ошондой эле кредиттик союздардын жана башка финасылык-кредиттик уюмдарынын каржылык кызмат көрсөтүүгө жана өз ара аракеттенүү боюнча бул кызмат, ошондой эле, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында ФКУ менен Улуттук банкынын компетенциясы жана өз ара кызматташуунун тартиби аныкталды. Өзүңүздүн укуктар жөнүндө толгураак маалымат алуу үчүн "Карыз алуучунун укуктары" бөлүгүнөн окуй аласыз.

2. Кредит жана аны төлөөнүн (тындыруунун) шарттары жөнүндө бардык маалыматтарды көңүл коюп окуп чыгыңыз.

Кредит алуу үчүн чечим кабыл алуу үчүн ага берилип жаткан кредиттин шарттары, анын ичинде кредитти алууга жана тейлөөгө (тындырууга) байланышкан бардык төлөмдөр жөнүндө бардык маалыматтар тууралуу банктын кызматкерлеринен толук маалымат алуу керек. 

Эстеп жүрүңүз! Өз убагында (кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин), керектүү жана ишенимдүү маалымат алууга карата Сиздин укугуңуз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  ченемдик документтеринде бекитилген.

Кредит алуунун шарттарын көңүл коюп окуп чыгыңыз. Банк тарабынан көрсөтүлө турган кызматтарга карата тарифтердин аларда камтылган шилтемелерине көңүл бургула.   Банктын кызматкерлеринен ошол тарифтер жөнүндө маалыматты сурап билгиле жана аны окуп чыккыла. Ага окшош кредиттерди бере турган бир нече банктардын сунуштарын изилдеп чыгыңыз, бул мыкты чечим кабыл алууга көмөктөшөт. Алынган маалымат Сизге кредиттер боюнча ар кайсы банктардын сунуштарын салыштырууга мүмкүндүк берет.

 

3. Кредиттик келишимди жана башка документтерди көңүл коюп окуп чыккыла.

Документтерге кол коюга шашылбагыла. Кредиттик келишимге кол коюнун алдында аны дыкат окуп чыккыла. Кредиттик келишимди (кол коюга чейин) колго алууга, аны дыкат изилдеп чыгууга, зарыл болсо – кредит маселелери боюнча компетенттүү жакын туугандарыңыз жана тааныштарыңыз менен кеңешүүгө укугуңуз бар, бул үчүн Сизде үч күнүңүз бар. Сиздин милдеттерди (милдеттенмелерди, жоопкерчиликтерди) беките турган анын шарттарын абдан кунт коюп окуп чыгыңыз, кредиттик келишимде ал тууралуу Сизге белгисиз же анын мазмуну Сизге түшүнүксүздүгү жөнүндө шарттары камтыбагандыгына   ишеним алыңыз.

Эгерде кредиттөөнүн кайсы бир шарттары Сизге түшүнүксүз болсо, банктын кызматкерлеринен түшүндүрүүсүн жана тийиштүү документтерди сураңыз, Сизди кызыктырган маселелерди тактаңыз. Эгерде Сиз керектүү түшүндүрмөлөрдү ала албасаңыз, анда кредит алуу тууралуу чечимди кабыл алууну кийинкиге калтырган жакшы.

Кредиттик келишимди кунт коюп изилдеп чыккандан кийин кредитти алуунун бардык  "ооба" жана "каршы" жактарын дагы бир жолу таразалап чыгыңыз, кредитти өз убагында кайтаруу жана ага тийиштүү бардык төлөмдөрдү өз убагында төлөй ала турганы боюнча өзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалаңыз.

4. Кредиттик келишимге кол коюу – эң жооптуу этап.

Эстеп жүрүңүз! Кредиттик келишимге кол коюу менен Сиз анын бардык шарттарына макул болосуз, жана аларды аткаруу, анын ичинде карыздын негизги суммасын жана ага тийиштүү бардык төлөмдөрдү төлөө боюнча, аны бекитилген мөөнөттө кайтаруу боюнча өзүңүзгө милдеттенмелерди кабыл аласыз, аны аткарбагандык (талаптагыдай эмес аткаруу) үчүн банк доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.  

Эгерде анын бардык шарттары Сизге түшүнүктүү болсо, кандай төлөмдөр жана аларды кайсы убакта жүргүзүү керектигин Сиз өзүңүз толук элестете алсаңыз, жана ушуну Сиз аткара алаарыңызга ишенсеңиз гана кредиттик келишимге (банктын башка документтерине)  кол коюңуз.

Бирок кредиттик келишимге кол коюлгандан кийин да акча каражаттарды алганга чейин күрөөлүк камсыздандырууну баалоого жана толтуруп даярдоого жана башка чыгымдарга байланышкан бардык чыгымдарды банкка кайтарган шартта Сиз кредит алуудан баш тарта аласыз.

Акылман жана салмактуу чечимдерди кабыл алыңыздар!

Тилекке каршы азырынча биздин жалгыз кеңсебиз Бишкек шаарында жайгашкан жана бардык келишимдер ушул жерден түзүлөт. Бирок биз аймактык торду түзүү долбоору менен иштеп жатабыз, андыктан сиздин региондо биздин кеңсе же өкүлчүлүк ачылса эле, ал маалымат биздин сайттка жайгаштырылат жана ал маалыматты сиз биле аласыз.

Жеке жактар үчүн кредит боюнча номиналдуу пайыздык чени өлчөмүндө.

  1. Кардардын акыркы иштеген жериндеги стажы 12 айдан аз болсо, же кирешесин тастыктоо зарыл болгон учурда (көрсөтүлгөн кирешесиинин ишенимдүүлүгүнө күмөндүүлүк жаралса), Банк кардардын мурдагы иштеген жери жана эмгек акысы жөнүндө  кошумча маалымат талап кылууга укуктуу.
  2. Кардардын негизги кирешеси Банктын талаптарына туура келбесе жана кардардын кошумча кирешелери бар болсо, Банк  тастыктоочу документтерди кошумча талап кылууга укуктуу.

Төлөө мөөнөтүн кечиктирүүлөр болсо, Банк карызды төлөтүү боюнча бардык мыйзамдуу каражаттарды, анын ичинде сот жазасын колдоно алат. Төлөө мөөнөтүн кечиктирүүлөр болсо, Банк кечиктирүү суммасы жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды Банк  «Ишеним» КМБга  берет, бул зайымчынын кредиттик тарыхына жана кредиттик рейтингине терс таасирин тийгизет.

Кредиттин өлчөмү, Сиздин финансылык абалдын баалоосуна жана кредиттик продукттар боюнча бекитилген  суммаларга жараша болот. КРУБнын жана Банктын талаптарына ылайык, айлык төлөм айлык кирешенин (салыктарды жана чегерүүлөрдү чыгаруу менен бекитилген эмгек акынын) 50%нан ашпашы керек. Ошондой эле башка финансылык-кредиттик мекемелериндеги насыялар боюнча сиздин  учурдагы карыздык жүгүңүз да эске алынат. Кандай болсо да,  бардык насыялар боюнча жалпы төлөмдөр айлык тастыкталган кирешенин 50%нан ашпашы керек. Биздин сайтта кредиттик калькулятор бар, андан сиз насыянын болжолдуу суммасын эсептей аласыз.

Мисал: Салыктарды жана чегерүүлөрдү чыгаруу менен Сиздин эмгек акы – 18,000 сом. Кредиттер боюнча сизде башка төлөмдөр жок. Сиз «СмартЭкспресс» программасына өтүнмө берүүгө ниеттендиңиз, жана 18 айга 150,000 сом суммадагы кредит алууну кааладыңыз. Сиз продукттун шарттарына (пайыздык чени – 28%; кредиттин мөөнөтү – 18 ай) жараша сиз кредиттик калькулятордон эсептесеңиз, анда сиздин айлык мүчөлүк төлөмүңүз - 10,300 сомду түзөт. Банктын талаптарына жараша: кредит боюнча айлык мүчөлүк төлөмүңүз сиздин айлык тастыкталган кирешеңиздин 50%нан ашык болбошу керек, башкача айтканда 9,000 сом. Ушуга жараша: 1) ушул продукт боюнча, себеби сиз 150,000 сом сурап жатасыз, сиз кредитти 24 айлык мөөнөткө алууга өтүнмө беришиңиз керек. Ошондо, эгерде, сиз кайрадан кредиттик калькулятордон эсептесеңиз, анда айлык мүчөлүк төлөмүңүздүн суммасы - 8,233 сомду түзөт, бул талап кылынган деңгээлден (9,000 сом) төмөн; же сиз кредит боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн жогорулатууну каалабасаңыз, анда кредиттик калькулятордон эсептеле турган, кредит боюнча айлык мүчөлүк төлөмүңүздүн суммасы 9,000 сомдон төмөн түшпөсө, сиз сураган сумманы азайтышыңыз керек. Бул учурда төлөө мөөнөтү 18 ай болсо, сиз кредитти  130,000 сом суммасындагы өлчөмдө сурай аласыз.

Эгерде, сизге берилген кредиттин баштапкы шарттарынан сиз четтеп чыксаңыз, анда төмөнкүдөй кошумча комиссиялар бар:

  • Милдеттенмелерди камсыздоого кабыл алынган күрөөлүк мүлктүн ар бир бирдигин алмаштыруу же бошотуп чыгаруу же күрөө берүүчүнү алмаштырууну уюштуруу үчүн комиссия  – 1000 сом;
  • Күрөөлүк документтердин түп нускларын убактылуу берүү үчүн комиссия – 500 сом;
  • Кепилди алмаштыруу үчүн комиссия – 500 сом;
  • Максатсыз колдонуу үчүн айып – насыянын суммасынан 5%.

Кредит алууга карата өтүнмөнү кароо учурунда банктар кардарлардын кредиттик тарыхына көбүрөөк көңүл бурушат. Жеке жактын кредит алуусу үчүн бир нече ыкмалар бар.  Кредиттик тарых - бул жеке жактын колдонуудагы жана мурда төлөп жапкан кредиттери жөнүндө бардык маалыматтарды көчүрүүгө мүмкүндүк берүүчү курал. Кредит берүүчүлөрдүн орчундуу саны мурдагы келишимдер боюнча төлөмдөрдүн карыздык документтерин жол-жоболоштуруу үчүн керектүү санды камтыйт. Карыз берүүчү (Кредитор) карыз алуучунун катышуусусуз, бирок анын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгон учурда гана, анын тарыхын өз алдынча текшере алат.

Жакшы кредиттик (насыялык) тарыхы бул кыска мөөнөттүн ичинде  документтердин минималдуу пакетин алуу, ал эми айрым учурларда төмөндөтүлгөн пайыздык чени боюнча жана кошумча комиссиялары жок,  жаңы насыя алууга мүмкүндүктү жогорулатат.

Эгерде, карыз алуучунун кредиттик тарыхы начар болсо, керектүү документтердин бардыгы анда бар болгондугуна да карабастан, банк ага карыз каражат берүүдөн баш тартышы же кошумча талаптарды коюшу мүмкүн: пайыздык чендерди жогору көрсөтүшү, күрөө түрүндө камсыздандыруу же үчүнчү жактардын кепилдигин талап кылышы мүмкүн. Ал тургай кардардын кредиттик тарыхынын сапаты жаман болгон кардардын өтүнмөсүн жактыруу менен карыз берүүчү «аны көрүнүктүү жерге коет», ал эми кредиттик бөлүмү тарабынан карызды жабуу графигинин так сакталышына көзөмөлдүк кылып турат.  

«Чанг Ан Банк» ААК өзүнүн кардарларына өзгөчө урматтоо менен мамиле жасайт жана биздин кредиттик продукттарда кандайдыр бир жашыруун комиссиялар же башкача төлөмдөр жок. Бардык кредиттик продукттар боюнча банк кармай турган комиссиялардын бүтүндөй тизмеси бекитилген. Ар бир банктык продуктта көрсөтүлуп бекитилген комиссиялардан тышкары, башка төлөмдөр жок. 

СмартЭкспресс жана СмартЭкспресс МСБ кредиттик продукттар боюнча – кредит берүүнү кароо боюнча да, касса аркылуу накталай берүү учурунда да , комиссиялар ЖОК.  СмартАвто боюнча: кредит берүүнү кароо үчүн комиссия  – 0%, Банктын кассасы аркылуу берүү учурунда комиссия – 0,5%. Кредиттик каражаттарды өзүңүздүн Элсом жеке эсебиңизге которуу опциясын тандап алсаңыз, Сиз кредитти накталайга айландыруу учурунда каражат үнөмдөй аласыз жана кийинчерээк ал акчаларды Элсом ( www.elsom.kg ) өнөктөшүнүн каалаган банкынан накталай чыгарып ала аласыз.

Ошондой эле Сиз биздин Банктан Элкарт картасын алсаңыз жана сатып алуулардын акысын соода уюмдарында орнотулган ПОС-терминалдар аркылуу накталай эмес төлөсөңүз, Сиз комиссиясыз төлөй аласыз.

Күрөөлүк кредиттер боюнча: кредиттик продуктка жараша 0,5% дан 1% чейин. Банктын кассасы аркылуу накталай акча каражаттарды берүү учурунда комиссия – 0,2%.

Баштапкы (негизги) күрөөлүк камсыз кылуу катары Банк тарабынан кабыл алына турган күрөө предметтери.

Күрөө предмети катары Банк жарандык жүгүртүүдөн алынбаган, ликвиддүү мүлктү кабыл алууга укуктуу, анын ичинде:

  • Мүлктүк комплекстер катары өнөр-жай ишканаларын;
  • Өндүрүштүк дайындалыштагы имараттарды жана курулуштарды, анын ичинде өнөр-жай жана кампа базаларын, цехтерди, нефть сактагычтарды жана башкаларды; 
  • Жарандык турак-жай дайындалышындагы имараттарды жана курулуштарды: имараттар жана курулуштар;
  • Административдик имараттарды жана курулуштарды;
  • Соода жана коомдук тамак-аш (анын ичинде дүкөндөр, коомдук тамак-аш түйүндөрү жана башкалар) имараттарын жана курулуштарын;
  • Турмуш-тиричилик тейлөө объектилерин (салондор, мейманканалар, техникалык тейлөө станцияларын, стационардык май куйуучу автостанцияларын, контейнерлер жана башкалар);

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте, жер тилкелерин/жерди колдонуу укугу.                                        

Экинчи (кошумча) күрөөлүк камсыздоо катары Банк тарабынан кабыл алына турган күрөө предметтери.

  • СмартАвто программасы боюнча күрөөгө карата талаптар тийиштүү программада көрсөтүлдү;
  • СмартАвто программасында көрсөтүлбөгөн авто түрүндөгү экинчилик  күрөө предметтери кыймылсыз мүлк түрүндө биринчилик күрөөнүн сапатына жараша жекече каралат;
  • Жабдык, жүгүртүүдөгү товар, дебитордук карыз жана башка мүлк түрүндөгү  экинчилик  күрөө предметтери жекече каралат.                                                                

Күрөө мүлкүнө карата коюла турган талаптар

Күрөө мүлкүнө карата коюла турган негизги талаптарга төмөнкүлөр кирет:

  • күрөөлүк камсыздоонун Бишкек шаарынын жана Чүй областынын аймагында жайгашышы;
  • мүлктүн физикалык абалы жана ал жайгашкан райондун ликвиддүүлүгү;
  • менчиктик укугун тастыктоочу, укук түзүүчү документтеринин толук тизмеси;
  • баалардын жетиштүү туруктуулугу менен жана рыноктун түзүлгөн конъюктурасынан камсыздала турган ликвиддүүлүгү (суроо-талап);
  • башка юридикалык жана жеке жактардын алдындагы карыздык милдеттенмелери менен күрөөлүк камсыздоону жеңилдештирүү;
  • кыймылсыз мүлк (имараттар жана курулуштар) жерди колдонуу же жер тилкесине карата менчиктик укугу сатылып алынган, же жерди ижарага алуу мөөнөтү 5 жылдан кем эмес убакытка  алынган учурда күрөө прдемети катары кабыл алынат. Ижаранын мөөнөтү кредиттин мөөнөтүнөн ашык, шарттуу милдеттенмелер үч жылдан кем эмес болушу керек; 
  • кыймылсыз мүлк, кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо жүргүзүүчү, ыйгарым укуктуу органдарында катталган болушу керек;
  • мамлекеттик менчиктик үлүшү  бар болсо, тийиштүү мамлекеттик органдардын уруксаты болушу керек;
  • күрөө предмети катары сунушталган мүлк жакшы техникалык абалда болушу керек.

Толук маалыматты сиз күрөөлүк камсыздоо Бөлүмүнүн адистеринен ала аласыз.

Ар бир программа боюнча кредиттөө мөөнөттөрү бекитилген. Бекитилген мөөнөттөрдөн жогору мөөнөткө Банк кредиттерди бербейт:

- күрөөсүз кредиттер боюнча - 24 айдан ашык эмес;

- күрөөлүк кредиттер боюнча – 5 жылга чейин;

- МИК ипотекасы –  5 жылдан 15 жылга чейин.

Биздин сайтта кредиттик калькулятор бар, анда сиз ала турган кредиттин суммасын алдын ала эсептей аласыз. Мында ай сайындык төлөм (аннуитет) сиздин тастыкталган кирешеңиздин киреше (салыктары жана чегерүүлөрү эсептен чыгарылгандан кийинки  эмгек акынын) 50%нан ашпоого тийиш экендигин сиз эске алышыңыз керек.

Сизди карыз алуучу же кепил катары кароо учурунда башка ФКУдагы сиздин кредиттер боюнча үстүдөгү жүк, кредиттик тарых жана сиздин тастыкталган айлык кирешенин өлчөмү эсепке алынат. Эгерде, сиздин киреше биздин банктагы кредит боюнча, ошондой эле сиз кепил болуп чыккан кредит боюнча да төлөмдөрдү төлөп тындырууга жетсе, мөөнөтүнөн кечиктирилсе да – биз сиздин өтүнмөнү карайбыз.

Ооба, эгерде, сиздин киреше бир нече кредитти паралелдүү түрдө жабууга жетсе, алсаңыз болот. 

Өтүнмөнү кароо мөөнөтү, биринчи кезекте, кардар тарабынан документтердин толук пакетинин берилгендигине жана банк тарабынан кошумча талаптардын жоктугуна жараша болот. Экинчиден, өтүнмөнү кароонун узарып кетишине берилген күрөөнүн финансылык абалын баалоо жана анын өзүнө баалоо жүргүзүү таасирин тийгизет. 

Өтүнмөлөрдү кароонун Банкта бекитилген мөөнөттөрү:

  • СмартЭкспресс – 1-2 күн;
  • СмартЭкспресс МСБ – 2-3 күн;
  • СмартАвто - 2-3 күн;
  • СмартЛайф - 2-3 күн;
  • СмартБизнес – 3-7 күн;
  • МИК ипотекасы - 3-7 күн.

12 ай үчүн эмгек акылык карта боюнча карточкалык эсептен көчүрмө, 12 ай үчүн чегеримдер жөнүндө Социалдык Фонддон аныктама (справка), башка тастыктоочу документтер.

Насыяны жаап тындыруу ыкмалары:
1.Банктын кассасына салуу жолу менен. Комиссия – 0%.
2. Башка банктан ачылган өзүнүн жеке эсебинен биздин Банкта ачылган эсептешүү эсебине которуу жолу менен. Которуу үчүн комиссияны Сиз жөнөтүүчү банктан анын тарифтерине ылайык төлөйсүз.
3. КИВИ терминалы аркылуу төлөө жолу менен. Ал үчүн Сиз кредитти жаап тындыруу үчүн ачылган сиздин эсептешүү эсебиңиздин номерин билишиңиз керек. КИВИнин комиссиясы – төлөмдүн суммасынан 3%. Бир транзакциянын суммасы 30 дан 30 000 сомго чейин. Кадамдык схемасы.pdf

4.«Мобильник» электрондук акча жана терминалдардан аркылуу төлөө жолу менен. Кыргызстанда"Мобильник" акча төлөм терминалдардын чоң тармактары бар,ал үчүн Сиз насыя жаап тындыруу үчүн ачылган сиздин эсептешүү эсебиңиздин номерин билишиниз керек. «Мобильник» комиссиясы-төлөмдүн суммасынан 3%. Бир транзакциянын суммасы 15 000 сом чейин.

"Мобильник" акча төлөм терминалдардын насыя жаап тандыруу жана эсепти толуктоо инструкциясы.pdf
"Мобильник" электрондук акчадан насыя жаап тандыруу жана эсепти толуктоо инструкциясы.pdf

5. «Береке» акча которуу системасы аркылуу – ар бир банк аркылуу – «Береке» системасынын партнеру

Керектөө кредиттери боюнча тастыкталган кирешеге төмөнкүлөр киргизилет:

  • Негизги булак – эмгек акы тууралуу аныктама менен тастыктала турган, сиздин расмий эмгек акыңыз;
  • Кыйыр булактар:
  • Ижара келишими менен тастыктала турган, ижарадан түшө турган киреше;
  • Жакын туугандарыңыздан туруктуу которулган акча каражаттарды алып тургандыгыңыз боюнча киреше;
  • Бизнестен киреше.

Кирешелердин бардык булактары алардын ишенимдүүлугүнө карата Банк тарабынан тыкыр текшерилет.

Кредиттик Келишимге жана КРУБнын талаптарына ылайык, сизде убактылуу финансылык көйгөйлөр жаралган учур болсо, төлөмдүн мөөнөтүн узартуу же кайра түзүү (реструктуризация) жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укугуңуз бар.  Сиздин кайрылуу Банк тарабынан каралат. Бирок бир жолку мөөнөтүн узартууга жол берилбейт жана өз убагында төлөбөсөңүз сиздин төлөм мөөнөтүнөн кечиктирилген төлөм болуп эсептелет. Ага жараша мөөнөтү өткөрүлгөн күндөр үчүн Банк сизге туумдарды эсептейт.

Кредиттик Келишимге жана КРУБнын талаптарына ылайык, Сиз кандайдыр бир кошумча суммаларды төлөбөстөн  кредиттен баш тартууга  укугуңуз бар. Сиздин өтүнмөнү кароо үчүн Банк бул учурда комиссия кармабайт.  

Андай учурда, сиздин өтүнмөнү кароодон баш тартылышы мүмкүн. Ар бир кардар боюнча биз «Ишеним» Кредиттик-Маалыматтык Бюросунан анын кредиттик тарыхын текшеребиз.  Анда сиздин кредиттик тарыхыңыз терс жагына карай көрсөтүлсө, тилекке каршы, биз сизге кредит бере албайбыз. Эгерде, кредиттик тарыхта Сиздин оюңуз боюнча ката кетирилген болсо, тийиштүү оңдоолорду жүргүзүү үчүн «Ишеним» КМБга кайрылсаңыз болот. «Ишеним» КМБ жөнүндө толугураак маалымат http://ishenim.kg сайтында.

Кредит алуу менен банктын алдында сиз өзүңүзгө аны төлөп берүү боюнча финансылык милдеттенме аласыз.  Бирок сиз кыйын татаал абалда калсаңыз, карызды кайтарууга ким жардам берет? Жоопкерчиликти өзүңүздүн туугандарыңызга оодарасызбы же бардыгын алдын ала мурдатан карап чыгасызбы - аны сиз өзүңүз гана чечесиз.

Камсыздандыруу, кредиттик каражаттарды төлөө мөөнөтүн кечиктирүү же төлөй албай калуу көйгөйлөрүнөн алыс болуу үчүн камсыздандыруу зарылдыгы жаралган  учурда, карызды сиздин туугандарыңыз кайтарбайт деп кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет. Карыз алуучу (Зайымчы) көз жумса, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготсо, жана анын натыйжасында, кредитти төлөөдө кыйынчылыктар жаралган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк карызды мажбурлап төлөтүүгө аргасыз болот, күрөөгө берилген үйдөн сизди чыгаруу, күрөөлүк мүлктү сатуу боюнча иштерди жүргүзөт.  Камсыздандыруу бул өзүңүздүн мүлктү, саламаттыгыңызды же өмүрүңүздү финансылык жактан коргоо ыкмасы болуп саналат. Азыркы учурдагы коомчулук күтүүсүз жоготууларды калыбына келтирүүнү алар кепилдей турган, коргоонун (камсыздандыруунун) мындан башка каражаттарын иштеп чыга элек.

Мындай камсыздандыруу кандай тобокелдиктерден коргойт? Камсыздандыруунун ар кандай программалары бар.  Азыркы учурда Кыргызстандын рыногунда кредит алуу учурундагы камсыздандыруунун негизги түрлөрү болуп: кредит алуучуну кырсыктардан камсыздандыруу, күрөөдөгү (АвтоКаско) автотранспортту камсыздандыруу, күрөөгө берилген мүлктү өрттөн жана башка коркунучтардан камсыздандыруу саналат. Ушундайлар жаралып калган учур болсо, банктын өнөктөшү – камсыздандыруу компаниясы кредитти жабуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Айрым учурда Карыз алуучу (Зайымчы) үчүн бул – анын кредиттик тарыхынын  оң жагына карай чечилүү жана санаасы тынч болушуна карата кепилдигин сактоо үчүн жалгыз чечим. 

Карыз алуучуну кырсыктардан камсыздандыруу

Көпчүлүк адамдар, ар дайым аларда жакшылык эле болуп турат, жана аларда эч кандай жаман нерсе деле болуп кетпейт деген ишенимде. Ошондуктан саламаттыкты жана өмүрдү камсыздоо жөнүндөгү сунушту Карыз алуучу (Зайымчы) кошумча чыгым катары кабыл алат.

Карыз алуучу (Зайымчы) кырсыктын натыйжасында көз жумса, майыптыгы тастыкталса же эмгекке (жалпы же профессионалдык) жөндөмүүлүгүн (толук же жарым-жартылай) жоготкон болсо, камсыздандыруунун ушул түрү боюнча  камсыздандыруу объектиси болуп Карыз алуучунун (Зайымчынын) мүлктүк кызыкчылыгы саналат.

Кудай андайды көрсөтпөсүн, бирок ушундай абал жаралган учур болсо, камсыздандыруу боюнча төлөп берүү бул кредитти жабууга жана кредит боюнча жоопкерчиликти сиздердин туугандарыңызга оодарбоого мүмкүндүк берет.

Күрөөдөгү автотранспортту (АвтоКаско) камсыздандыруу

Кредитке автоунаа сатып алуу менен же кредиттин башка түрлөрү боюнча аны  күрөөгө берүү менен сиз ал автоунааны пайдаланууну улантасыз. Автоунаа – бул анын андан ары иштетилишине байланыштуу дайыма жогорку деңгээлдеги тобокелдик.

Автоунааны ээлик кылуунун, башкаруунун жана колдонуунун натыйжасында, аны уурдап кетүү, бузулуу, сынуу, жок кылынуу жана/же жокко чыгарууга байланыштуу болгон камсыздандыруунун ушул түрү боюнча  камсыздандыруу объектиси болуп карыз алуучунун (зайымчынын) мүлктүк кызыкчылыгы саналат.

Камсыздандыруунун ушул түрү боюнча банк пайда алуучу болуп саналат.

Камсыздандыруу учуру жаралган учурда,  камсыздандыруу боюнча төлөп берүү кредит боюнча карызды толук же жарым-жартылай жабууга мүмкүндүк берет. Күрөөлүк  мүлкүнүн (автоунаанын) орчундуу начарлашынын же жоголушунун аркасында боло турган күрөөнү алмаштырууга байланыштуу банктын талаптары азыраак болот.

Күрөөгө берилген мүлктү өрттөн жана башка коркунучтардан камсыздандыруу

Банкка күрөөгө берилген мүлккө ээлик кылууга, башкарууга жана колдонууга байланыштуу, камсыздандыруунун ушул түрү боюнча  камсыздандыруу объектиси болуп карыз алуучунун (зайымчынын) мүлктүк кызыкчылыгы саналат.

Ушул камсыздандыруу менен жабыла турган негизги камсыздоо тобокелдиги: өрт, жарылуу, табигый кырсыктар, суу камсыздоо системаларындагы авариялар, канализация, газ түтүктөрүнүн жарылуусу жана камсыздандыруунун өзүнүн прогрммаларына жараша ар бир камсыздандыруу компаниясы тарабынан аныктала турган башка түрлөрү. Камсыздандыруунун ушул түрү боюнча Банк пайда табуучу болуп саналат.

 

Камсыздандыруу учуру жаралган учурда, камсыздандыруулук боюнча төлөп берүү сизге төмөнкүдөй мүмкүндүк берет:

  • ошол камсыздандыруу учуруда тартылган зыянды калыбына келтирүүгө же,
  • насы боюнча болгон карызды толук же жарым-жартылай жабууга.

Шарттары тандалып алынган камсыздандыруу компаниясына жараша шарттары жекече аныкталат.

Кандайдыр аныкталган учурда банктын талап кылууга карата укугу каралган кредиттик продукттардан башка учурда, Банк негизинен милдеттүү камсыздандырууну талап кылбайт. Бирок ар бир карыз алуучу (зайымчы) өзүн гана ойлобостон, өзүнүн бир туугандарын да ойлошу керек, себеби камсыздандыруу үй-бүлөнү кырсыктардын кесепетинен коргоого жана кредитти жаап тындыруу тобокелдиктерин болтурбоого мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда биздин карыз алуучуларды (зайымчыларды) камсыздандырууну төмөнкү камсыздандыруу компаниялары сунушташты:

  1. "Алма Иншуренс” ЖАК КК
  2. "АЮ Гарант" ААК КК
  3. “АТН Полис” ЖАК КК
  4. “Арсеналъ Кыргызстан” ЖАК КК
  5. "Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company" ЖАК (Джубили Кыргызстан Иншуренс Компани)
  6. “Кыргызстан” ЖАК КК
  7. “НСК” ЖАК

Калькулятор

ай

Талап кылынган киреше сом

Ар айлык төлөм:

Төлөмдөрдүн жалпы суммасы:

Насыяны төлөө графиги

Өтүнмөнү толтуруу