Насыялоонун шарттары
| Жеке ишкерлер үчүн «Экспресс Бизнес» күрөөсүз бизнес насыя | |
| Насыянын максаты |
|
| Насыянын валютасы |
Сом |
| Насыянын суммасы |
20 000 сомдон 200 000 сомго чейин |
| Насыянын мөөнөтү |
|
| Пайыздык чени |
жылдык 28% |
| Жабуу | Ай сайын, бирдей мүчөлүк суммалар менен (аннуитет) |
| Камсыздоо |
|
| Насыя боюнча комиссиялар: | |
| Насыя берүү үчүн комиссия |
Насыя суммасынан 1% |
| Мөөнөтүнөн мурда толук жабуу үчүн комиссия |
|
| Насыянын жарым-жартылай бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабуу үчүн комиссия |
|
| Башка комиссиялар |
|
| Мөөнөтү кечиктирилген карыз үчүн айып пул | Насыя боюнча номиналдуу пайыздык чендин өлчөмүндө |
| Карыз алуучуга карата талаптар |
|
| Кирешенин деңгээлине карата талаптар |
Насыя боюнча ай сайын мүчөлүк сумма:
Карыз алуучу тастыктаган кирешеден 50% көп эмес |
Карыз алуучу үчүн:
- Карыз алуучунун паспорту (ID карта);
- Карыз алуучунун жубайынын паспорту, никени каттоо/ажырашуу жөнүндө күбөлүгү, жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүгү.
- ЖИ Күбөлүгү же патенти (1 айдан 6 айга чейин, учурдагы патенти).
- Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө салык кызмат органынын аныктамасы (эсеп ачуу үчүн).
- Карызы жоктугу жөнүндө МССтен аныктамалар (эгерде, ЖИ күбөлүгүнүн негизинде иштесе).
- Чарбалык келишимдер (контракттар), келишимдер (андайы болсо)
- Бизнеске карата документтери (андайы болсо).
- Жубайынын макулдугу жөнүндө/жана насыя алууга карата арызы, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арызы (эгерде, карыз алуучу никеде турбаса), насыя берүү учурунда МФКдан толтурулат.
Кепил үчүн:
- Кепилдин паспорту (ID карта);
- Кепилдин жубайынын паспорту, никени каттоо жөнүндө күбөлүгү.
- Кепилдин акыркы 3-12 ай үчүн кирешелери жөнүндө аныктама/патенти/кепилдин киреше булактарын тастыктоочу башка документтери.
- Жубайынын макулдугу жөнүндө/жана кепилдикке карата макулдугу жөнүндө арызы, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арызы (эгерде, карыз алуучу никеде турбаса), насыя берүү учурунда МФКдан толтурулат.
- Суралып жаткан суммага жараша, Сиздин насыя боюнча ай сайын төлөнө турган мүчөлүк сумманын (аннуитет) болжолдуу эсептөөсүн сайтта көрсөтүлгөн кредиттик калькулятордон эсептеңиз. МФКнын негизги талабы: Сиздин ай сайын төлөнө турган мүчөлүк сумма (биздин МФКдагы, ошондой эле башка финансылык-кредиттик мекемелердеги Сиздин калган колдонуудагы кредиттер боюнча бардык ар сайын төлөнө турган суммаларды эсепке алуу менен) ар айлык тастыкталган кирешенин 50% ашпашы керек. Эгерде, Сиз эсептесеңиз жана Сиздин мүчөлүк сумма ошол ченемден ашык болсо, суралып жаткан сумманы Сиз төмөндөтүү жагына кайра карап чыгышыңыз керек;
- Карыз алуучуга карата МФКнын талаптары менен таанышып чыгыңыз жана керектүү документтерди даярдаңыз;
- Сиз кредит алууга карата өтүнмөнү түз эле ушул жерден, сайттан «Өтүнмөнү толтуруп даярдоо» дегенди басып, бардык керектүү маалыматтарды толтуруп, талап кылынган, сканерден өткөрүлгөн документтерди электрондук дарегине жөнөтүү керек. Биздин кредиттик адистер телефон боюнча Сиз менен байланышат;
- Сиз электрондук почта аркылуу өтүнмөңүздү бере аласыз. Ал үчүн Сиз Ж.ж... насыя алууга карата Арызы.docx жана Кепилдин анкетасы.docx документтерин басып чыгарып, сактоо керек, бардык талап кылынган маалыматтарды толтуруп, талап кылынган, сканерден өткөрүлгөн документтер менен бирге ал документти Word форматында электрондук дарегине жөнөтүү керек. Биздин кредиттик адистер Сиз менен телефон боюнча байланышат. Толтурууга карата мисалдар: Кредит алууга Арыз – толтурууга мисал.pdf, Кепилдин анкетасы - толтурууга мисал.pdf
- «Технодом» турмуш-тиричилик техникаларын сатуу боюнча дүкөндөрдөгү биздин кредиттик адистерге Сиз «SmartЭкспресс» продукту боюнча турмуш-тиричилик техникаларын сатып алууга карата өтүнмө бере аласыз;
- Сиз Банктын кеңсесине да өтүнмө бере аласыз, бул учурда талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн жана түп нускаларын ала келишиңиз керек. Кредиттик кеңселердин жайгашкан даректери жөнүндөгү маалымат «Байланыштар» бөлүгүндө көрсөтүлдү;
ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТОЛУК ПАКЕТИ АЛЫНГАНДАН КИЙИН ГАНА КРЕДИТТИК ӨТҮНМӨ КАРАЛЫП БАШТАЛАТ.
- Кредитти берүү жөнүндө чечими 1 – 3 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат. Суроолор жаралса, талкуулоо үчүн Сизди чакырышы мүмкүн же кошумча маалыматты же Сиздин финансылык абалыңызды тастыктоочу документтер талап кылынышы мүмкүн. Кабыл алынган чечим жөнүндө Сиз МФКнын кызматкеринен байланыш телефону боюнча маалымдама аласыз.
- Өтүнмө жактырылгандан кийин кредиттик адис тарабынан көрсөтүлгөн кеңсеге кредит алууга карата топтолгон документтер менен келесиз. Өтүнмөнү дистанциялык түрдө берген учурда, кредиттик продукт боюнча талап кылынган бардык документтердин түп нускаларын алып келүү талап кылынат.
Сиз консультация жана документтерди ала турган кредиттик кеңселердин даректери:
Башкы кеңсе:
Бишкек ш., Ахунбаев көч., 48/1.
Иштөө убакыты: Дүйшөмбү — Жума: (09.00 — 18.00).
Кредиттик башкармалык: +996 (312) 25 09 22
Күрөөлүк камсыздандыруу бөлүмү: +996 (312) 56 13 51 (+157)
Ошондой эле Сиз төмөнкү телефон номерлери боюнча консультация ала аласыз:
Мегаком: 0550 561339 (WhatsApp)
Билайн: 0770 561339
О: 0700 561339
«Ишеним» ЖАКнын кредиттик бюросу – карыз алуучулар (зайымчылар) (жеке жана юридикалык жактар) жөнүндө маалыматтарды топтоо, иргеп иштетүү жана сактоо жана алардын милдеттенмелерин, кредиттик тарыхтарды түзүү жана кредиттик отчетторду берүү, ошондой эле кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүүдө колдоо көрсөтүү максатында, өзүнүн өнөктөштөрүнө кошумча кызматтарды көрсөтүү менен иш алып баруучу Кыргызстандын аймагындагы жалгыз уюм. «Ишеним» ЖАКнын КБ (мындан ары – «Кредиттик Бюро») 2003-жылдын 17-мартында уюшулган.
Кредиттик Бюронун өнөнктөштөрү болуп 160 финансылык-кредиттик мекемелер саналат, алардын көмөктөшүүүсү менен Бюро 2 000 000 ашык кредиттик тарыхтарды өзүнө камтыган маалыматтардын уникалдуу базасын түздү.
Кредиттик отчет сурап өтүнүү мезгилиндеги кредиттик тарыхы жөнүндө маалыматты чагылдырат. Кредиттик тарыхы, юридикалык жактын бүткөрүлгөн жана учурдагы милдеттенмелери жөнүндөгү маалыматты камтыйт, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттары алар тарабынан аткарылышын чагылдырат. Кредиттик тарых кара тизме болуп саналбайт. Алар мөөнөтүндө же кечиктирүү менен төлөнөбу же жокпу, андан көз карандысыз эле, кредиттер ага түшүп турат.
Кредиттик тарыхтагы маалыматты толуктоо булагы: кредиттик уюм (Банк, МФО) – кредиттик маалымат алмашууга катышуучулар. Маалыматтар, кредиттик тарыхтын субъектисинин (мындан ары КТС) жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана Кредиттик бюронун маалыматтар базасына берилет.
Кредиттик тарыхтын башталышы болуп, кардар биринчи кредит (карыз) алган учур эсептелет. Андан ары тарыхта, «Ишеним» Кредиттик Бюросу аркылуу өтө турган, ошол карыз алуучунун (зайымчынын) бардык кредиттери боюнча маалыматтар топтолот жана жалпыланат. Бардык маалыматтар кредиторлордун каталогдоруна келип түшөт. Дээрлик бардык финансылык мекемелер кредиттер боюнча маалыматты берүү мүмкүндүгү жөнүндө пунктун келишимге киргизишет. Ошондуктан банк менен бүтүм түзүү учурунда карыз боюнча маалыматты жеке жак «Ишеним» ЖАКнын КБга жөнөтүүгө макулдугун берет.


