Компаниянын, ошондой эле анын кызматкерлеринин керектөөлөрүн камсыз кыла турган, Элкарт төлөм карталарынын жардамы менен эмгек акыны төлөп берүүнүн заманбап, ыңгайлуу жана ийкемдүү жол-жобосун «Чанг Ан Банк» ААК сиздин ишкана үчүн уюштурат.
Жумушчулар үчүн эмгек акы долбоору эмнеси менен ыңгайлуу:
- Накталай акча каражаттарды өзүңүз менен алып жүрүүнүн жана ташуунун зарылдыгы жок;
- Картаны жоготкон учурда да өзүңүздүн акча каражаттардын сакталышы;
- Товарлар жана кызматтар үчүн накталай эмес төлөө учурундагы эсептешүүлөрдү комиссия кармабастан жүргүзүү мүмкүндүгү;
- Акча каражаттардын калдыгына пайыздарды алуу мүмкүндүгү;
- «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси аркылуу операциялардын ар кандай түрлөрүн жүргүзүү.
Компаниялар үчүн эмгек акы долбоору эмнеси менен ыңгайлуу:
- Натыйжалуу автоматизация процесинин эсебинен эмгек акыны төлөп берүү мөөнөтү кыскарат;
- Коромжулар төмөндөйт жана акча каражаттарды инкассациялоого, сактоого жана берүүгө байланышкан тобокелдиктер жокко чыгарылат;
- Эмгек акыны алуу үчүн кезек күтүүлөр жокко чыгарылат;
- Ар бир кызматкердин эмгек акысы жөнүндө маалыматтын жашырындуулугу жогорулайт;




