close

Издөө

Насыялык продукттун артыкчылыктары

Насыялоонун шарттары

Юридикалык жак жана жеке ишкерлер үчүн «Бизнес» Күрөөлүк кредити

Насыянын максаты

  • Бизнести өнүктүрүүгө 
  • Инвестициялык максаттарга
  • Колдонуудагы насыяны кайра каржылоого
Насыянын валютасы
Сом, доллар (насыя берилген датадагы курс боюнча)
Насыянын суммасы
100 000 сомдон жогору
Насыянын мөөнөтү 3 айдан 60 айга чейин

Пайыздык чени (сом)

1 000 000 сомго чейин

жылдык 25%

1 000 001 ден 2 000 000 сомго чейин жылдык 24%
 2 000 000 сомдон жогору жылдык 23%
Жабуу Ай сайын, бирдей мүчөлүк суммалар менен (аннуитет)
Камсыздандыруу Күрөөлүк кыймылсыз мүлк
Насыя боюнча комиссиялар:
Насыя берүү үчүн комиссия

Насыя суммасынан 1,2%


Насыяны мөөнөтүнөн мурда толук жабуу үчүн комиссия
  • 0 сом – насыя толук жабылган күнгө чейин отуз күн мурда ал жөнүндө МФКга билдирилген шартта.
  • МФКга билдирбестен, же толук жабылган күнгө чейин 30 күндөн кем эмес убакытта билдирүү менен кредиттин суммасынан - 1% (төмөнкү чек 3 000 сом)

Насыянын жарым-жартылай бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабуу үчүн комиссия

0 сом – кредит  жабылган күнгө чейин отуз күн мурда ал жөнүндө МФКга билдирилген шартта.

1 000 сомкредиттик балансы 1 000 000 сомго чейин болсо

2 000 сом – кредиттик балансы 1 000 001 сомдон жогоруу болсо, МФКга билдирбестен, же жабылган күнгө чейин 30 күндөн кем эмес убакытта билдирүү

Башка комиссиялар

1. Насыянын  шарттарын өзгөртүү үчүн комиссия: жабуу графигин кайра кароо, жабуу датасын өзгөртүү, насыянын  жабуу мөөнөтүн узартуу – 500 сом

 2. Маалым каттарды (ссудалык карыздын калдыктары боюнча, башкалар) берүү жана каттарды даярдоо (талап кылынган жери боюнча) үчүн комиссия – 100 сом

3. Насыяны  накталай алуу үчүн комиссия 0,0% 

Мөөнөтү кечиктирилген карыз үчүн айып пул

жеке ишмерлер үчүн насыя  боюнча номиналдуу пайыздык чендин өлчөмүндө

юридикалык жактар үчүн төлөмдүн мөөнөтү өткөн негизги суммасынан 0,5%



Кредиттин күрөөлүк программалары боюнча күрөөлөргө карата коюла турган кыскача талаптар

Биринчи (негизги) күрөөлүк камсыздоо катары МФК тарабынан кабыл алына турган күрөө предметтери.

Күрөө предмети катары МФК жарандык жүгүртүүдөн алынбаган ликвиддүү мүлктү кабыл алууга укуктуу, анын ичинде:

  • Мүлктүк комплекстер катары өнөр-жай ишканаларын;
  • Өндүрүштүк дайындалыштагы имараттарды жана курулуштарды, анын ичинде өнөр-жай жана кампа базаларын, цехтерди, нефть сактагычтарды жана башкаларды; 
  • Жарандык турак-жай дайындалышындагы имараттарды жана курулуштарды: имараттар жана курулуштар;
  • Батирлерди жана турак-жай үйлөрдү;
  • Административдик имараттарды жана курулуштарды;
  • Соода жана коомдук тамак-аш (анын ичинде дүкөндөр, коомдук тамак-аш түйүндөрү жана башкалар) имараттарын жана курулуштарын;
  • Турмуш-тиричилик тейлөө объектилерин (салондор, мейманканалар, техникалык тейлөө станцияларын, стационардык авто май куйуу станцияларын, контейнерлер жана башкалар);
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте, жер тилкелерин/жерди колдонуу укугу.                                                                                                                                                                                                                                                   

Күрөө мүлкүнө карата коюла турган талаптар

Күрөө мүлкүнө карата коюла турган негизги талаптарга төмөнкүлөр кирет:

  • күрөөлүк камсыздоонун Бишкек шаарынын жана Чүй областынын аймагында жайгашышы;
  • мүлктүн физикалык абалы жана ал жайгашкан райондун ликвиддүүлүгү;
  • менчиктик укугун тастыктоочу, укук түзүүчү документтеринин толук тизмеси;
  • баалардын жетиштүү туруктуулугу менен жана рыноктун түзүлгөн конъюктурасынан камсыздала турган ликвиддүүлүгү (суроо-талап);
  • башка юридикалык жана жеке жактардын алдындагы карыздык милдеттенмелери менен күрөөлүк камсыздоону жеңилдештирүү;
  • кыймылсыз мүлк (имараттар жана курулуштар) жерди колдонуу же жер тилкесине карата менчиктик укугу сатылып алынган, же жерди ижарага алуу мөөнөтү 5 жылдан кем эмес убакытка  алынган учурда күрөө прдемети катары кабыл алынат. Ижаранын мөөнөтү кредиттин мөөнөтүнөн ашык, шарттуу милдеттенмелер үч жылдан кем эмес болушу керек; 
  • кыймылсыз мүлк, кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо жүргүзүүчү, ыйгарым укуктуу органдарында катталган болушу керек;
  • мамлекеттик менчиктик үлүшү  бар болсо, тийиштүү мамлекеттик органдардын уруксаты болушу керек;
  • күрөө предмети катары сунушталган мүлк жакшы техникалык абалда болушу керек.

Толук маалыматты сиз күрөөлук камсыздоо Бөлүмүнүн адистеринен ала аласыз.

Карыз алуучу (Зайымчы) (жеке ишкер)

  1. Карыз алуучунун (Зайымчынын) өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи 
  2. Никени каттоо/ажырашуу жөнүндө Күбөлүгү (андайы болсо)
  3. Жубайынын паспорту (андайы болсо) 
  4. Жубайынын макулдугу жөнүндө/жана кредит алууга карата арызы, үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арызы (эгерде, карыз алуучу (зайымчы) никеде турбаса)
  5. ЖИ Күбөлүгү же патенти (1 айдан 6 айга чейинки) 
  6. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө салык кызмат органынын аныктамасы (справка) (эсеп ачуу үчүн)
  7. Карызы жоктугу жөнүндө МССтен аныктамалар (справки) (эгерде, ЖИ Күбөлүгүнүн негизинде иштесе)
  8. Чарбалык келишимдер (контракттар), келишимдер (андайы болсо)
  9. Бизнеске карата документтери.
  10. Жашаган жеринен (катталган дареги менен анык жашаган жеринин дареги туура келсе, талап кылынбайт) жана карыз алуучунун (зайымчы) үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө аныктамасы (справка).

 

Карыз алуучу (Зайымчы) (юридикалык жак)

  1.  3 500 000 сом  жогорку суммалар боюнча бизнес-планы. 
  2.  Колдорунун үлгүлөрү жана мөөрүнүн тагы коюлган карточкалар (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн). 
  3.  Демөөрчүлөрдүн, генералдык/аткаруучу директордун, башкы бухгалтердин  паспортторунун көчүрмөлөрү. Никеси/никеден ажырашуу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү,  демөөрчүлөрдүн фамилиялары алмашса (андайы болсо).
  4.  Коомду түзүү жөнүндө демөөрчүлөрдүн чечимдеринин/кредит алуу, күрөөлүк камсыздоону берүү жана Кредиттик келишимине (башка келишимдерге) кол коюу  жөнүндө Карыз алуучунун (Зайымчы) тийиштүү органынын чечими.
  5.  Аткаруучу органды дайындоо жөнүндө Кардардын ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсү.
  6.  Кредит алуу, күрөөлүк камсыздоону берүү жана Кредиттик келишимине (башка келишимдерге) кол коюу  жөнүндө Карыз алуучунун (Зайымчы) тийиштүү органынын чечими.
  7. Уставдын, Демөөрчүлүк келишимдин (андайы болсо), уюмдун мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндө күбөлүгүнүн – уюмдун жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Эгерде, Устав жана Демөөрчүлүк келишими (андайы болсо) юстиция органдарында катталган болсо – документтер нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн болушу керек.
  8. Ишкердигинин түрү лицензиялана турган болсо – лицензиянын көчүрмөсү.
  9. Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карызы жоктугу жөнүндө салык кызмат органынын аныктамасы (справкасы) (же салыштыруу актысы).
  10. Карызы жоктугу жөнүндө Соц. фонддун аныктамасы (справкасы).
  11. Акыркы же акыркыдан мурунку жана талдоонун датасына карата отчеттук жыл үчүн Кардардын расмий финансылык отчету (Теңдеме (Баланс), Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө Отчету, акча каражаттардын кыймылы жөнүндө Отчету).
  12. Салык төлөөчүнүн мамлекеттик каттоосун тастыктоочу документи (ИНН карточкасы), статистикалык картасынын көчүрмөсү (андайы болсо).
  13. Чарбалык келишимдер (контракттар), келишимдер (андайы болсо)
  14. Ссудалык карызы жоктугу жөнүндө тейлөөчү банктан аныктама (справка) (андайы болсо).

Күрөө берүүчү:

  1. Күрөө берүүчүнүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи;
  2.  Күрөө берүүчүнүн никесин каттоо/ажырашуу жөнүндө Күбөлүгү;
  3. Жубайынын паспорту (андайы болсо) 
  4. Үй-бүлөлүк абалы/күрөөнү берүүгө карата жубайынын макулдугу жөнүндө арызы, ал кредит берүү учурунда нотариладык жактан толтурулат.

 

Күрөөгө кыймылсыз мүлк берилген учурда:

  • Кыймылсыз мүлктүн укук түзүүчү/укук күбөлөндүрүүчү документтери; (мам.акт, сатуу-сатып алуу келишими, белек кылуу келишими жана башкалар);
  • Техникалык паспорту (андайы болсо);
  • Чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө Мамлекеттик каттоодон көчүрмө;

 Кепилдик (кепилдик бериле турган учур болсо):

  1. Кепилдин өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи;
  2. Кепилдин никесин каттоо/ажырашуу жөнүндө Күбөлүгү;
  3. Жубайынын паспорту (андайы болсо);
  4. Үй-бүлөлүк абалы/кепилдик берүүгө карата макулдугу жөнүндө арызы, ал кредит берүү учурунда толтурулат;
  5. Кепилдин акыркы 3-12 айы үчүн кирешелери жөнүндө аныктама (справка) (Кепилдер компаниянын демөөрчүлөрү болсо, талап кылынбайт)/ Жеке ишкердин (ЖИ) Күбөлүгү/патент.

Кредитти берүү үчүн керектүү башка документтер кредиттик адистин же Кредиттик комитеттин талабы боюнча берилет.

  • Карыз алуучуга карата МФКнын талаптары менен таанышып чыгыңыз жана керектүү документтерди даярдаңыз;
  • Кыймылсыз мүлктүн күрөөгө кабыл алына турган чектери боюнча күрөө боюнча жана дагы кабыл алына турган күрөөнү баалоо критериялары боюнча МФКнын  талаптары менен таанышып алыңыз. Күрөө боюнча суроолор жаралса күрөөлөр боюнча биздин адистерден консультация алсаңыз болот.
  • Бул продукттун өтүнмөсү МФКнын башкы кеңсесинде берилет, бул учурда талап кылынган  документтердин көчүрмөлөрүн жана түп нускаларын ала келишиңиз керек.   Кредиттик кеңселердин жайгашкан даректери жөнүндөгү маалымат «Байланыштар» бөлүгүндө көрсөтүлдү;

      ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТОЛУК ПАКЕТИ АЛЫНГАНДАН КИЙИН ГАНА КРЕДИТТИК ӨТҮНМӨ КАРАЛЫП БАШТАЛАТ.

      • Кредитти берүү жөнүндө чечими 3-7 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат. Суроолор жаралса, талкуулоо үчүн Сизди чакырышы мүмкүн же кошумча маалыматты же Сиздин финансылык абалыңызды тастыктоочу документтер талап кылынышы мүмкүн.  Кабыл алынган чечим жөнүндө Сиз МФКнын кызматкеринен байланыш телефону боюнча маалымдама аласыз. 
      • Өтүнмө жактырылгандан кийин кредиттик адис тарабынан көрсөтүлгөн кеңсеге кредит алууга карата топтолгон документтер менен келесиз.

      Сиз консультация жана документтерди  ала турган кредиттик кеңсебиздин дареги:  

      Башкы кеңсе:
      Бишкек ш., Ахунбаев көч., 48/1.

      Иштөө убакыты: Дүйшөмбү — Жума: (09.00 — 18.00).

      Кредиттик башкармалык: +996 (312) 25 09 22
      Күрөөлүк камсыздандыруу бөлүмү: +996 (312) 56 13 51 (+157)

      Ошондой эле Сиз төмөнкү телефон номерлери боюнча консультация ала аласыз:
      Мегаком: 0550 561339 (WhatsApp)
      Билайн: 0770 561339
      О: 0700 561339

      «Ишеним» ЖАКнын кредиттик бюросу – карыз алуучулар (зайымчылар) (жеке жана юридикалык жактар) жөнүндө маалыматтарды топтоо, иргеп иштетүү жана сактоо жана алардын милдеттенмелерин, кредиттик тарыхтарды түзүү жана кредиттик отчетторду берүү, ошондой эле кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүүдө колдоо көрсөтүү максатында, өзүнүн өнөктөштөрүнө кошумча кызматтарды көрсөтүү менен иш алып баруучу Кыргызстандын аймагындагы жалгыз уюм.  «Ишеним» ЖАКнын КБ (мындан ары – «Кредиттик Бюро») 2003-жылдын 17-мартында уюшулган.

      Кредиттик Бюронун өнөнктөштөрү болуп  160 финансылык-кредиттик мекемелер саналат, алардын көмөктөшүүүсү менен Бюро 2 000 000 ашык кредиттик тарыхтарды өзүнө камтыган маалыматтардын уникалдуу базасын түздү.

      Кредиттик отчет сурап өтүнүү мезгилиндеги кредиттик тарыхы жөнүндө маалыматты чагылдырат. Кредиттик тарыхы, юридикалык жактын бүткөрүлгөн жана учурдагы  милдеттенмелери жөнүндөгү маалыматты камтыйт, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттары алар тарабынан аткарылышын чагылдырат.  Кредиттик тарых кара тизме болуп саналбайт. Алар мөөнөтүндө же кечиктирүү менен төлөнөбу же жокпу, андан көз карандысыз эле, кредиттер ага түшүп турат.

      Кредиттик тарыхтагы маалыматты толуктоо булагы: кредиттик уюм (Банк, МФО) – кредиттик маалымат алмашууга катышуучулар. Маалыматтар, кредиттик тарыхтын субъектисинин (мындан ары КТС) жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана Кредиттик бюронун маалыматтар базасына берилет. 

      Кредиттик тарыхтын башталышы болуп, кардар биринчи кредит (карыз) алган учур эсептелет. Андан ары тарыхта, «Ишеним» Кредиттик Бюросу аркылуу өтө турган, ошол карыз алуучунун (зайымчынын) бардык кредиттери боюнча маалыматтар топтолот жана жалпыланат. Бардык маалыматтар кредиторлордун каталогдоруна келип түшөт. Дээрлик бардык финансылык мекемелер кредиттер боюнча маалыматты берүү мүмкүндүгү жөнүндө пунктун келишимге киргизишет. Ошондуктан банк менен бүтүм түзүү учурунда карыз боюнча маалыматты жеке жак  «Ишеним» ЖАКнын КБга  жөнөтүүгө макулдугун берет.

      Калькулятор

      ай

      Талап кылынган киреше сом

      Ар айлык төлөм:

      Төлөмдөрдүн жалпы суммасы:

      Насыяны төлөө графиги