Карыз алуучунун укуктары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгы тарабынан лицензиялана турган коммерциялык банктарда жана башка ФКУда кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобого (24 жана 26 пункт) ылайык, (КР Улуттук банк башкармалыгынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2017-ж. 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакциясында), кардар төмөнкү УКУКТАРГА ЭЭ:
- банктын кардарларынын арыздануулары жана сунуштары Китебине (мындан ары – Китеп) өздөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштарын жазууга, ал номерленген, байланган, ошондой эле Банк башкармалыгынын төрагасы же Башкармалыктын Төрагасынын орун басарларынын бири тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек жана банктын мөөрү менен бекемделиши керек;
- кредиттик келишимге кол койгон мезгилден тартып акча каражаттарды алганга чейин же лизингдин чегинде мүлк үчүн акысын төлөө боюнча төлөмдү жүргүзүүгө чейин кредитти алуудан (кардардын өтүнмөсүн кароого карата бекитилген тариф боюнча банк тарабынан комиссияны кармоосунан, башка учурларда) акысыз негизде баш тартууга;
- келишимге кол коюга чейин ага карата тиркеле турган бардык тиркемелери менен келишимдин долбоорун колуна алууга жана банктан тышкары юридикалык консультация алуу үчүн кайрылууга, бул учурда келишим менен таанышуу үчүн кардарга бериле турган убакыт бир күндөн кем эмес, бирок үч күндөн ашык эмес болушу керек;
- кредиттин мөөнөтүн узартуу же реструктуризациялоо тууралуу өүнүчү менен кийин банкка кайрылууга;
- эгерде кредиттин негизги суммасынын 50% төлөнүп жабылса, болгон күрөөнү эки тарап үчүн тең ылайыктуу келген башка күрөө берүүгө, банктын ички документтерине ылайык анын наркы кредит боюнча карыздын калган суммасын жабат.


