Жеке жак үчүн насыялык отчету
Насыялык отчет сурап өтүнүү мезгилиндеги насыялык тарыхы жөнүндөгү маалыматты чагылдырат. Насыялык тарыхы, юридикалык жактын бүткөрүлгөн жана учурдагы милдеттенмелери жөнүндөгү маалыматты камтыйт, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттары алар тарабынан аткарылышын чагылдырат. Насыялык тарых кара тизме болуп саналбайт. Алар мөөнөтүндө же кечиктирүү менен төлөнөбу же жокпу, андан көз карандысыз, насыялар ага түшүп турат.
Насыялык тарыхтагы маалыматты толуктоо булагы: насыялык уюм (Банк, МФО) – насыялык маалымат алмашууга катышуучулар. Маалыматтар насыялык тарыхтын субъектисинин (мындан ары КТС) жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана Насыялы бюронун маалыматтар базасына берилет.
Насыялык тарыхтын башталышы болуп, кардар биринчи насыя (карыз) алган учур эсептелет. Андан ары тарыхта, «Ишеним» Кредиттик Бюросу аркылуу өтө турган, ошол карыз алуучунун (зайымчынын) бардык кредиттери боюнча маалыматтар топтолот жана жалпыланат. Бардык маалыматтар кредиторлордун каталогдоруна келип түшөт. Дээрлик бардык финансылык мекемелер кредиттер боюнча маалыматты берүү мүмкүндүгү жөнүндө пунктту келишимге киргизишет. Ошондуктан банк менен бүтүм түзүү учурунда карыз боюнча маалыматты жеке жак «Ишеним» ЖАКнын КБга жөнөтүүгө макулдугун берет.


