close

Издөө

Карыз алуучунун эскертмеси

1. Кредит алуу жөнүндө чечим – жоопкерчиликтүү чечим.

Кредит алуу жөнүндө чечимди кабыл алуудан мурда, аны алууга карата өзүңүздүн муктаждыктарыңызды, ошондой эле өз убагында төлөп тындырууга (жабуу) карата өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалаңыз, башкача айтканда, Сиздин бюджетке жараша акча каражаттардын кандай суммасын кредит боюнча бардык тийиштүү төлөмдөрдү төлөөгө Сиз реалдуу түрдө жумшай аласызбы, ошол мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалаңыз.

Насыя алуу бул – кредиттик келишимде карыздын негизги суммасын (банктан кабыл алынган сумманы), ошондой эле кредитти колдонуу боюнча пайыздарды төлөө мөөнөтү бекитилген мөөнөттөрдө кайтаруу боюнча милдетин болжолдойт.

Кредиттик келишимдин шарттары тарабынан банктын пайдасына (кредитти алууга карата документтерди кароо, банктык эсептерди ачуу жана жүргүзүү, акча каражаттарды которуулар жана башкалар үчүн комиссиялар), ошондой эле үчүнчү жактардын пайдасына (камсыздандыруу, күрөө келишимдери, байланыш бөлүмдөрү же башка банктар аркылуу каражаттарды которуу келишимдери жана башкалар) сыяктуу  кредит алууга жана төлөөгө байланышкан башка төлөмдөрдү жүргүзүү зарылдыгы да каралат.

Эгерде кредит келишиминде каралган кайсы бир төлөмдөр жүргүзүлбөсө же кечиктирилип жана/же толук эмес көлөмдө жүргүзүлсө,  айып төлөм (неустойка) (айып, туум) төлөө жөнүндө банк тарабынан талап коюлушу мүмкүн. Ушундай талап кое турган банктын укугу жөнүндө, эреже боюнча, кредиттик келишимде айтылган.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан финансылык кызматтарды көрсөтүүчү жана ошол кызматтарды керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароочу банктардын, микрофинансылык уюмдардын иш-аракеттерине карата минималдуу талаптар түзүлдү, ошондой эле кредиттик союздардын жана башка финасылык-кредиттик уюмдарынын каржылык кызмат көрсөтүүгө жана өз ара аракеттенүү боюнча бул кызмат, ошондой эле, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында ФКУ менен Улуттук банкынын компетенциясы жана өз ара кызматташуунун тартиби аныкталды. Өзүңүздүн укуктар жөнүндө толгураак маалымат алуу үчүн "Карыз алуучунун укуктары" бөлүгүнөн окуй аласыз.

2. Кредит жана аны төлөөнүн (тындыруунун) шарттары жөнүндө бардык маалыматтарды көңүл коюп окуп чыгыңыз.

Кредит алуу үчүн чечим кабыл алуу үчүн ага берилип жаткан кредиттин шарттары, анын ичинде кредитти алууга жана тейлөөгө (тындырууга) байланышкан бардык төлөмдөр жөнүндө бардык маалыматтар тууралуу банктын кызматкерлеринен толук маалымат алуу керек. 

Эстеп жүрүңүз! Өз убагында (кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин), керектүү жана ишенимдүү маалымат алууга карата Сиздин укугуңуз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  ченемдик документтеринде бекитилген.

Кредит алуунун шарттарын көңүл коюп окуп чыгыңыз. Банк тарабынан көрсөтүлө турган кызматтарга карата тарифтердин аларда камтылган шилтемелерине көңүл бургула.   Банктын кызматкерлеринен ошол тарифтер жөнүндө маалыматты сурап билгиле жана аны окуп чыккыла. Ага окшош кредиттерди бере турган бир нече банктардын сунуштарын изилдеп чыгыңыз, бул мыкты чечим кабыл алууга көмөктөшөт. Алынган маалымат Сизге кредиттер боюнча ар кайсы банктардын сунуштарын салыштырууга мүмкүндүк берет.

 

3. Кредиттик келишимди жана башка документтерди көңүл коюп окуп чыккыла.

Документтерге кол коюга шашылбагыла. Кредиттик келишимге кол коюнун алдында аны дыкат окуп чыккыла. Кредиттик келишимди (кол коюга чейин) колго алууга, аны дыкат изилдеп чыгууга, зарыл болсо – кредит маселелери боюнча компетенттүү жакын туугандарыңыз жана тааныштарыңыз менен кеңешүүгө укугуңуз бар, бул үчүн Сизде үч күнүңүз бар. Сиздин милдеттерди (милдеттенмелерди, жоопкерчиликтерди) беките турган анын шарттарын абдан кунт коюп окуп чыгыңыз, кредиттик келишимде ал тууралуу Сизге белгисиз же анын мазмуну Сизге түшүнүксүздүгү жөнүндө шарттары камтыбагандыгына   ишеним алыңыз.

Эгерде кредиттөөнүн кайсы бир шарттары Сизге түшүнүксүз болсо, банктын кызматкерлеринен түшүндүрүүсүн жана тийиштүү документтерди сураңыз, Сизди кызыктырган маселелерди тактаңыз. Эгерде Сиз керектүү түшүндүрмөлөрдү ала албасаңыз, анда кредит алуу тууралуу чечимди кабыл алууну кийинкиге калтырган жакшы.

Кредиттик келишимди кунт коюп изилдеп чыккандан кийин кредитти алуунун бардык  "ооба" жана "каршы" жактарын дагы бир жолу таразалап чыгыңыз, кредитти өз убагында кайтаруу жана ага тийиштүү бардык төлөмдөрдү өз убагында төлөй ала турганы боюнча өзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрүңүздү баалаңыз.

4. Кредиттик келишимге кол коюу – эң жооптуу этап.

Эстеп жүрүңүз! Кредиттик келишимге кол коюу менен Сиз анын бардык шарттарына макул болосуз, жана аларды аткаруу, анын ичинде карыздын негизги суммасын жана ага тийиштүү бардык төлөмдөрдү төлөө боюнча, аны бекитилген мөөнөттө кайтаруу боюнча өзүңүзгө милдеттенмелерди кабыл аласыз, аны аткарбагандык (талаптагыдай эмес аткаруу) үчүн банк доо арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.  

Эгерде анын бардык шарттары Сизге түшүнүктүү болсо, кандай төлөмдөр жана аларды кайсы убакта жүргүзүү керектигин Сиз өзүңүз толук элестете алсаңыз, жана ушуну Сиз аткара алаарыңызга ишенсеңиз гана кредиттик келишимге (банктын башка документтерине)  кол коюңуз.

Бирок кредиттик келишимге кол коюлгандан кийин да акча каражаттарды алганга чейин күрөөлүк камсыздандырууну баалоого жана толтуруп даярдоого жана башка чыгымдарга байланышкан бардык чыгымдарды банкка кайтарган шартта Сиз кредит алуудан баш тарта аласыз.

Акылман жана салмактуу чечимдерди кабыл алыңыздар!