Кредиттик тарыхтын жеке жакка эмне кереги бар
Кредит алууга карата өтүнмөнү кароо учурунда банктар кардарлардын кредиттик тарыхына көбүрөөк көңүл бурушат. Жеке жактын кредит алуусу үчүн бир нече ыкмалар бар. Кредиттик тарых - бул жеке жактын колдонуудагы жана мурда төлөп жапкан кредиттери жөнүндө бардык маалыматтарды көчүрүүгө мүмкүндүк берүүчү курал. Кредит берүүчүлөрдүн орчундуу саны мурдагы келишимдер боюнча төлөмдөрдүн карыздык документтерин жол-жоболоштуруу үчүн керектүү санды камтыйт. Карыз берүүчү (Кредитор) карыз алуучунун катышуусусуз, бирок анын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгон учурда гана, анын тарыхын өз алдынча текшере алат.
Жакшы кредиттик (насыялык) тарыхы бул кыска мөөнөттүн ичинде документтердин минималдуу пакетин алуу, ал эми айрым учурларда төмөндөтүлгөн пайыздык чени боюнча жана кошумча комиссиялары жок, жаңы насыя алууга мүмкүндүктү жогорулатат.
Эгерде, карыз алуучунун кредиттик тарыхы начар болсо, керектүү документтердин бардыгы анда бар болгондугуна да карабастан, банк ага карыз каражат берүүдөн баш тартышы же кошумча талаптарды коюшу мүмкүн: пайыздык чендерди жогору көрсөтүшү, күрөө түрүндө камсыздандыруу же үчүнчү жактардын кепилдигин талап кылышы мүмкүн. Ал тургай кардардын кредиттик тарыхынын сапаты жаман болгон кардардын өтүнмөсүн жактыруу менен карыз берүүчү «аны көрүнүктүү жерге коет», ал эми кредиттик бөлүмү тарабынан карызды жабуу графигинин так сакталышына көзөмөлдүк кылып турат.


