«ЭЛКАРТ МОБАЙЛ» - бул картадагы акчаларды башкаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, «Элкарт» Улуттук төлөө системасынын оператору «Элкарт Мобайл» тиркемесин ишке киргизди.
Учурда «Элкарт» УТСтин активдүү карта кармоочуларынын саны күн санап өсүүдө жана активдүү карталардын саны 700 000 ден ашты.
Тиркеме Андроид платформасында жеткиликтүү (4.4 версиясы жана андан жогору түрү үчүн).
Тиркемени төмөндө көрсөтүлгөн шилтеме боюнча көчүрүп алууга болот:
https://play.google.com/store/apps/details?id=com.ipc_app&hl=ru
Сиз каалаган жерден, каалаган убакытта:
Которууну тез арада ишке ашыруу:
• Өз карталарынын ортосунда акчаларды которуу
• Кыргызстандын каалаган Банкынан Элкарт картасына акча которууга болот
Төлөмдөрдү өткөрүү
• Мобилдик телефондун, электрондук капчыктардын балансын толуктоо
• ТКЧ, ТВ, интернет жана башка кызматтар акысын төлөө
• «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси аркылуу төлөө учурунда үнөмдөө
• Шаблонду түзүү менен Сиз кызматтардын акысын көз ирмемде төлөй аласыз
Карта боюнча маалыматтарды көрүү
• Актуалдуу балансты кароо эми дайыма жеткиликтүү
• Өзүнүн картасы боюнча миникөчүрмөнү көз ирмемде алуу
• Акы төлөө статусун жана төлөмдөрдүн тарыхын көрүү мүмкүнчүлүгү
Мобилдүүлүк жана коопсуздук
• «Элкарт» картасын кабыл ала турган жакынкы банкоматтарды жана соода түйүндөрүн издөө
• Эң керектүү жалгыз шарт интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк болуп саналат
• Эсептердеги сиздин каражаттардын коопсуздугу жана сакталышы, эл аралык коопсуздук стандарттарынын каражаттарына ылайык, заманбап коргоо системасы тарабынан камсыздалат.


