Акча которууларды Элкарт картасына которуу мүмкүнчүлүгү
CONTACT төлөм системасы, акча которууларды Кыргызстан - Элкарт улуттук төлөм системасынын карталарына – жакынкы чет өлкөлөргө которуу мүмкүнчүлүгүн ачты.
Мурда бул кызмат Россиянын аймагында гана жеткиликтүү болгон. ЭЛКАРТ картасына акча которууну жөнөтүү үчүн анын бет жагындагы номерин көрсөтүү менен эсептин реквизиттерисиз, ээсинин ФАА жана башка кошумча маалыматтарсыз эле CONTACT системасынын каалаган пунктунан которуну жөнөтүүгө болот. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссия которулган сумманын - 1% түзөт.
Операциялардын жеткиликтүү валюталары - рубль, АКШ доллары жана евро - кийин аларды кыргыз сомуна алмаштыруу менен картага которулат.
Бир которуунун максималдуу суммасы 50 миң рублдан же 5 миң АКШ долларынан ашпашы керек.


